Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Иштамберди алтын кенинде авария болду


Жалал-Абад облусундагы Иштамберди алтын кенинде таштанды сактоочу жайдан апрелдин аяк ченинде уулуу заттар агып кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Экономика тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы Исхак Пирматов бүгүн билдирди. “Химиялык заттар дагы эле агууда”,- деди Пирматов.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктиктин статс-катчысы Наби Эшназаров аварияга катуу жаан себеп болгонун, дамба оңдолгонун билдирди.

Ал эми Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов Иштамберди алтын кениндеги авария жөнүндө “Азаттыкка”:

"25-26-апрелде ошондой авария болгон. Түтүк жарылган. Бирок 10 күндөн кийин калыбына келип, иштеп жатат азыр. Уулуу заттар чыктыбы, жокпу, айта албайбыз. Адистерге анализ бергенбиз", - деди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG