Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Франциянын жаңы президенти жана немис канцлери жолугушту


Берлинде канцлер Ангела Меркелдин жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, сүйлөшүүдө негизги көңүл Европадагы экономикалык кырдаалга жана Грекиядагы саясий кризиске бурулду:

- Биз Европадагы жакшы өнүгүү үчүн жоопкерчилик Франция менен Германияда экендигин билебиз. Менимче биз айрым жеке проблемаларды чечүүнүн жолдорун табабыз.

Меркелдин айтымында, Франция да, Германия да Грекия евроаймакта калышын каалайт.

Франциянын жаңы президенти Франсуа Олланд Германияга кечээ кызматына расмий киришкенден кийин эле дароо барды.

Олланд ант берүү аземиндеги сөзүндө Европада бюджеттин каражаттарын үнөмдөө боюнча Германия өзгөчө көңүл буруп жаткан чаралар боюнча мунаса табуу керектигин, ал Европаны “жаңы жолго” түшүрүүнү кааларын айтты. (UE)

XS
SM
MD
LG