Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Борбор Азиянын Улуттук дүң өндүрүшүнүн 40% кылмыш ишмердүүлүгүнө негизделген


Бул тууралуу Орусиянын Маңзаттардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын башчысы Виктор Иванов билдирди.

Орус расмий өкүлүнүн ырастоосунда, Борбор Азиянын Улуттук дүң өндүрүшүнүн 40 пайызга чейинкиси криминалдык ишмердиктен, өзгөчө мыйзамсыз маңсоодадан келет.

Виктор Иванов орус өкмөтүнүн өнүгүү жана наркозаттарга каршы программалар боюнча комиссиясынын кечээги жыйынында белгилегендей, маңзат өндүргөн жана анын транзиттеген өлкөлөрдөгү кылмыштуу экономикалык ишмердикти кирешенин легалдуу булактары, “нормалдуу экономика” жаратуу менен алмаштыруу зарыл.

Москва маңзат соодага каршы Борбор Азияда ишке ашырууну көздөгөн 22 программа Орусиянын бул аймактагы кызыкчылыктарын кепилдейт турганын айткан Виктор Иванов орус инвесторлорун Борбор Азияда активдүү болууга үндөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG