Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы талкууланды


Басма сөз жана дин эркиндиги боюнча АКШдагы эксперттер жана “Күнөстүү Өзбекстан” оппозициячыл кыймылынын сүргүндөгү лидери Санжар Умаров бул угуу учурунда расмий Вашингтонду Борбор Азиянын камактагы журналисттерин, оппозиция лидерлерин, дин адамдарын коргоодо алардын ысымдарын атап турууну улантууга чакырышты.

Өзбекстандык мурдагы саясий айыпкер Санжар Умаровдун ырастоосунда, эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу гана анын өмүрүн сактап калган.

Хельсинки комиссиясынын мүчөсү, конгрессмен Стивен Коэндин айтымында, расмий Вашингтон Борбор Азиянын авторитардык президенттери менен Ооганстандан улам кызматташып жатканы менен адам укуктары маселесин унутпоосу абзел:

- Өзбекстан, албетте, Ооганстанды көздөй жана андан артка жүк ташууну камсыздоодо стратегиялык роль ойноодо. Бирок АКШ Өзбекстан менен аскерий кызматташтыгын өнүктүрүп жаткан учурда да адам укуктары боюнча татаал маселелерди көтөрүүнү улантышы керек.

Журналисттерди коргоо боюнча Нью-Йорктогу Эл аралык комитеттин өкүлү Музаффар Сулейманов Хельсинки комиссиясындагы угуу учурунда Өзбекстандан 1999-жылдан бери абакта отурган журналисттер Мухаммад Бекжанов менен Юсуф Ризимурадовдун ишин атады.

Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү Кыргызстандан 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин да мисалга тартты. (UE)

XS
SM
MD
LG