Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Москвада полиция оппозиция лагерин тазалады


Орус оппозициясынын лагери жайгашкан жер. 14-май, 2012-жыл, Москва.
Орус оппозициясынын лагери жайгашкан жер. 14-май, 2012-жыл, Москва.
Орусия борборунда соңку күндөрү нааразылык акцияларына чыккандар түзгөн лагерге полиция күчтөрү бүгүн эртең менен келгенин “Интерфакс” агенттиги маалымдаган.

Кабарларга караганда, лагердегилер буюм-тайымын жыйнап, ал жерден өз эрки менен кете баштаган. Бирок кийинчерээк шаардык полиция коопсуздук күчтөрүнүн талабына баш ийбеген 20дай адам кармалганын билдирди.

Мунун алдында кечээ Москванын Басман райондук соту оппозиция лагери бүгүн саат 12:00го чейин жоюлушу керек деген буйрук чыгарган.

Лагерь Владимир Путиндин президенттик кызматка киришүүсүн утурлай
6-майда 400дөй кишинин кармалуусу жана кагылышуу менен аяктаган демонстрациядан кийинки нааразылык акцияларынын артынан уюштурулган.

Ал Москванын Чистые Пруды районунда, казак акыны Абайга коюлган эстеликтин айланасында жайгашкандыктан “Оккупай Абай” деген бейрасмий атка ээ болгон. Лагердеги чатырларда нааразылыкка чыккандар түнөп жаткан. (UE)

XS
SM
MD
LG