Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкекте энелер бекер медициналык кеңеш алышат


Бүгүн Бишкекте бардык Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо “ачык эшик” акциясы өтөт. Анда аялзатынын бардыгы бекер көрүнүп, дарыгерлерден кеп-кеңеш ала алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, өзгөчө көп балалуу энелерге, майыптарга көп көңүл бурулмакчы.

Энелер күнүнө арналган бул акция 18-майга чейин созулат.

Кыргызстандын президенти мындан ары май айынын ар үчүнчү жекшембисинде Энелер күнүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG