Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Өкмөт башчы сел каптаган айылдарды кыдырууда


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бүгүн таң эрте Жалал-Абад облусуна барды. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, ал сел баскан айылдарды кыдырып, жабыр тарткан эл менен жолугууда.

11-12-майда нөшөр жаандын айынан Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Кеңеш жана Акман айыл аймактарын сел баскан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кеңеш айыл аймагы боюнча 1483 турак үйдүн чарбактарын сел баскан, анын ичинен 374 турак үйгө суу кирген.

Акманда 276 сарай, 168 ашкана, 1 бейтапкана, 1 маданият үйү, 1 соода борбору селден жабыр тарткан. Жалпысынан Акман айыл аймагы боюнча 802 турак үйдүн чарбактарын сел басып, анын ичинен 202 турак үйгө суу кирген. Жалпы 828,48 га айыл чарба жер аянты селден жабыр тарткан.

Учурда селден жабыр тартып калган айылдарда тазалоо иштери уланууда. Адамдар арасында жабыркагандар жок. Бүгүнкү күндө Базар-Коргондо аба ырайы ачык, жаан басылган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG