Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:55

Сүлүктүдө бир мектеп жабылды


Баткендин Сүлүктү шаарында 12-майда каптаган селдин айынан бир мектеп жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, селдин кесепетинен Кольцо айылындагы №6 Кайымкулов атындагы 140 окуучу окуган орто мектеп кыйроо абалына келип, мектеп жабылды. ӨКМ тарабынан 30 орундуу 3 даана чатыр берилди. Разаков көчөсүндө жайгашкан маданият үйүнүн, китепкананын имараттары да жабыр тартканы айтылууда. (RK)
XS
SM
MD
LG