Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Өз жанын кыйган окуучулардын көбү - мигранттын балдары


Кыргызстанда сыртка иштегени кеткен эмгек мигранттарынын балдарынын арасында өз жанын кыйгандар көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева билдирди. Анын айтымында, 2009-жылы өз өмүрүнө кол салган окуучулардын саны 76 болгон. Ал эми былтыр 94 факт катталды. Негизги себеп - бала ата-энесин сагынып куса болуп, ар кайсы туугандарынын колунда чоңоюп жаткандыктан материалдык кыйынчылыктарга дуушар болгону айтылууда. Өз жанын кыйгандар айрыкча 14 жаштан жогоркулар. Мындай окуялар көбүнчө Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында көп катталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG