Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Подполковниктин өлүмү боюнча алгачкы божомол айтылды


Милициянын подполковниги, эксперт-криминалист Надыр Абдырахмановдун өлүмүнө кокустук себеп болуп калганы ыктымал. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды. Бирок эксперттин өлүмүнө эмне себеп болгонун так айтуу азыр мүмкүн эмес.

"Бул боюнча убакыт керек. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин айтылат бул өзүн өзү атып өлгөн же кокустук деп. Ал дайыма курал менен иштегендиктен кокустук болушу мүмкүн деген версияны караштырып жатабыз", - дейт Сеитов.

Бүгүн саат 10:45те Ички иштер министрлигинин имаратында өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө Эксперттик-криминалисттик борбордун эксперти чекесинен ок жеп каза тапканы айтылууда. Маркум милицияда 1993-жылдан бери иштеп келаткан. Бир жыл мурда Нарындан Бишкекке которулган. Ага чейин Нарында иштечү. Кылмышка байланыштуу куралдарды баллистикалык экспертизадан өткөрүүнүн жети түрүнө уруксаты бар болчу. Жакында эле ага экспертизага бир топ курал түшкөн. Ошолордун биринен атылган бир октон ал бүгүн ажал тапты. Маркумдун артында үч баласы калды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG