Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

ӨКМ: Табигый кырсыктын 70-80 пайызы түштүк тарапта катталат


Кыргызстандын аймагында катталган жалпы кырсыктардын 70-80%ын суу ташкын, сел жана жер көчкү түзөт. Бул сыяктуу табигый кырсыктардын 70-80%ы республиканын түштүк тарабында жайгашкан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов айрым маалымат каражаттарында серепчилер табигый кырсыкка кабылгандарга жардам берүү маселесине келгенде түндүк-түштүк деп бөлүп жатканына кабатыр экенин билдирди.

“Министрликтин ар бир облуста куткаруу кызматтары, көчмө механизациялаштырылган отряддары, облустук башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү бар. Калкка жардам көрсөтүү үчүн ыкчам жетип барууда көйгөй жок”, - дейт Бекилов. (RK)

XS
SM
MD
LG