Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Өзбекстан мамлекеттик мүлктү мекчиктештирүү планын жарыялады


Алдыдагы эки жылда өзбек өкмөтү өлкөнүн менчик секторун кеңейтиш үчүн мамлекетке караштуу 500дөй ишкананы сата турганын кабарлады. Мамлекеттик мүлк боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары Сайфитдлин Гафаров мунай, газ, энергетика, метал, айыл-чарбасы, электроника жана дары-дармек тармактарына тиешелүү мекемелер сатыкка коюлаарын билдирген.

Расмий өкүлдөр бул аракетти Өзбекстандын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн арттырыш максатында өлкөгө чек-өлкөлүк инвесторлорду тартуу планы менен байланыштырып жатышат. Өзбекстан 1991-жылы эгемендикке жетишкенден кийин экономикалык саясатын катаалдантып, ишканаларды колунан чыгарган эмес. Бирок соңку кездери эл аралык финансылык колдоого ачыктыгын көрсөтө баштады.

XS
SM
MD
LG