Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Селден жабыркаган райондорго жүгөрү урук жеткирилди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон жана Ноокен райондоруна 46 тонна жүгөрүнүн уругу жеткирилди. Аталган райондордун айрым айылдарында айдоо аянттарды нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жууп кеткен болчу. Жалпысынан 800 гектардан ашык жерди суу каптаган.

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-майдан тарта дагы сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында апрел-май айлары жааган жаандан 2 миңден ашуун там-таш зыян тартты. (EBM)

XS
SM
MD
LG