Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Пакистан өкмөтү НАТО үчүн жолдорду ачууну колдоду


Исламабаддагы кечээги жыйынынында Пакистан өкмөтү расмий өкүлдөргө НАТОнун Оогастанга багытталган жүктөрү үчүн жолдорду кайра ачуу маселеси боюнча макулдашууну аягына чыгарууну тапшырды. Бирок кургактагы жолдор ачылуучу жана сүйлөшүүлөр аяктоочу мөөнөт көргөзүлгөн жок.

Пакистан өкмөтү ошондой эле президент Асиф Али Зардари НАТОнун Чикагодо Ооганстандын болочогу талкуулануучу саммитине катышуусун жактады. Саммит 20-21-майда болот.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд Исламабаддан келген соңку жаңылыкты оң белги деп атады:

- Алар оң белги берүүдө. Биз түшүнгөндөн алар бул келишим түзүлүүсүн каалайт. Бирок биз али үстүнөн иштеп жаткан бир катар техникалык маселелер бар.

Пакистан өзүнүн Ооганстан менен чек арасын НАТО үчүн мындан алты ай мурда НАТОнун аба соккусу 24 жоокерди мерт кылгандан кийин жапкан.

АКШ бул окуя үчүн өкүнүч билдирип, бирок Исламабаддан кечирим сураган эмес. Окуя мурда эле бузула түшкөн АКШ - Пакистан алакасын начарлаткан эле. (UE)

XS
SM
MD
LG