Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Жээнбеков: Жайыт комитеттерди текшериш керек


Жайыт комитеттерди текшериш керек, себеби элден чогулган акча "солго" кетип жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Депутат Баш прокуратурага жана өкмөткө кайрылып, жайыт комитеттери чогулткан акчанын максатка жараша пайдаланылып жатканын текшерүү керек экенин айтты. Анын пикиринде, айрым жайыл комитеттерде коррупциялык механизмдер бар, себеби жол, көпүрө оңдоого делген акча "солго" кетип жатат.

Жээнбеков алыс барбай эле Чүйдүн айылдарын, мисалы Москва районунун Петровка айылындагы жайыт комитеттин ишин текшерүүнү сунуштады.

Мыйзамга ылайык, 2009-жылдан бери түзүлө баштаган жайыт комитеттердин саны азыр Кыргызстанда 454тү түзөт. Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, ар бир айыл өкмөтүндө түзүлгөн жайыт комитет юридикалык тарап болуп эсептелет. Анын ишин, каржы маселелерин жайыт пайдалануучулар өзүлөрү көзөмөлдөйт. Эмне максатта канча акча чогултуш керек экенин да эл өзу чечет. (RK)

XS
SM
MD
LG