Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

АКШ Чүйдөгү кургак учук ооруканасына жардам берет


Транзит жүк ташуучу борбордун аскер кызматкерлери Чүйдөгү кургак учук ооруканасына гуманитардык жардам берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" борбордун маалымат катчысы Алиман Темирбек билдирди. Анын айтымында, 130 керебет жана матрац, 130 шейшеп, 130 жууркан, 65 майда буюм койгуч шкаф, үч кир жуугуч машина жана бир чоң муздаткыч берилет. Жалпы баасы 39 миң долларлык гуманитардык жардам АКШ өкмөтүнүн атынан 18-майда тапшырылат. Транзит жүк ташуу борбору 2001-жылдагы Нью-Йорктогу теракттардан кийин Ооганстандагы антитеррордук операциянын алкагында "Манас" аба майданында ачылган. (RK)

XS
SM
MD
LG