Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Сокулук: Үйгө кирип кеткен жылан кармалды


Чүй облусунун Сокулук районунда Ново-Павловка айылынын Строительная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине кечээ жылан кирип кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, жыланды кармаганга куткаруучулар жардам беришти.

Куткаруучу Канатбек Керимбаевдин "Азаттыкка" айтымында, экинчи кабаттагы батирге эки жылан кирип кеткен. Бирөө куткаруучулар келгенче карматпай качып кеткен, экинчиси кармалды.

"Кадимки чаар жылан экен. Уулуу эмес. Ваннанын ичинде жатыптыр. Кармап, талаага кое бердик", -дейт Керимбаев.

Мыйзам талаптары боюнча, адамга зыян келтирчү уулу жылан кармалса атайын адистерге өткөрүлүп берилет. Ал эми зыянсыз жыландар кайра ээн жерге кое берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG