Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Гаагада Ратко Младичтин соту уланууда


Гаагадагы эл аралык трибуналда согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан босниялык сербдердин аскер лидери Ратко Младичтин соту уланууда. Бүгүнкү жыйында прокурор 1995-жылы Сребреницада 8 миңдей мусулманды кыруу үчүн Младичтин кол астындагы куралдуу күчтөр күнөөлүү деген далилдер бар болгонун билдирди.

Ал окуя Европанын аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болгон эң чоң кыргын болуп эсептелет. 70 жаштагы Младич Сребреницадагы геноцидден тышкары 11 факт боюнча айыпталууда. Прокурорлор ал босниялык мусулмандарды, хорваттарды жана серб эмес башка улуттардын өкүлдөрүн өлтүрүү же сүрүп чыгуу кампаниясын жетектөөгө жардамдашкан деп ырасташууда.

Младич болсо өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Эгерде ал күнөөлүү деп табылса, өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG