Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Тоолуу Карабакта атышуу болгону кабарланды


Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн жетекчилигинин ыратсоосунда, Тоолуу Карабак менен чек арада армян аскеринин огунан азери жоокер жарадар болду. 19 жаштагы Нурали Алиев оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Азербайжандын Коргоо министрлиги армениялык аскерлер ок атышпоо жөнүндөгү макулдашууну бузушкан деп айыптады. Сепаратисттик Тоолуу Карабактын Коргоо мекемеси болсо ал маалыматтарды четке кагып, чек араны бойлой жайгашкан аскерлер ок чыгарбоо режимин аткарып жатышканын билдирди.

Баку менен Ереван 20 жылдан ашуун убакыттан бери аймакты талашып келатышат. Анклавдын басымдуу бөлүгүн 1994-жылы Армения басып алган. Жаңжалды жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун арачылыгы менен жүргүзүлүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG