Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

АКШда испан тилдүүлөр, каралар жана азиялыктар 50,4% жетти


АКШда этникалык азчылыктардын үй-бүлөлөрүндө туулган балдардын саны
түбү европалык үй-бүлөлөрдө төрөлгөн балдардын санынан ашты.

Расмий статистикага ылайык, 2010-жылдын июлунан былтыркы июлга чейин ак америкалыктардын балдары жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын жалпы санынан 49,6 пайызды түздү. Ал эми испан тилдүүлөр, каралар жана азиялыктар 50,4 пайызга жетти.

Жалпысынан АКШда актар сан жагынан көпчүлүктү түзүшөт. Бирок кээ бир штаттарда – Гавайиде, Калифорнияда, Нью-Мексикодо, Техаста жана Колумбия федералдык чөлкөмүндө этникалык азчылыктардын саны жалпы калктын жарымынан ашкан. Испан тилдүүлөрдүн орточо жашы - 27, европалыктардыкы – 42 жаш курагын түзөт.

XS
SM
MD
LG