Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Лондон Олимпиадасынын оту бүгүн Британияга келет


Лондон Олимпиадасынын оту Афинадагы айтылуу Акрополистин жанында. 16-май, 2012-жыл.
Лондон Олимпиадасынын оту Афинадагы айтылуу Акрополистин жанында. 16-май, 2012-жыл.
Олимпиаданын байыркы мекени – Грекияда 10-майда Күндүн нуру менен тутандырылган отту Лондон Олимпиадасынын уюштуруучуларына тапшыруу жөрөлгөсү кечээ кечинде Афинадагы Панатинаикос стадионунда өттү.

Арасында айтылуу футболчу Дэвид Бэкхем да бар британ делегациясы бүгүн отту Афинадан Англияга алып учат.

От Лондон Олимпиадасы башталчу 27-июлга чейин 70 күн ичинде 8 миң чакырым жол басып, Британиянын шаар-кыштактарын кыдырат. (UE)

XS
SM
MD
LG