Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

АКШ Мьянмага акыркы 20 жылдагы алгачкы элчисин дайындады


Президент Барак Обама Азиянын бул өлкөсүндөгү элчилик кызматка Дерек Митчеллди бекитти. Муну менен АКШ – Мьянма ортосундагы дипломатиялык алака толук көлөмдө калыбына келди.

Мьянмада саясий реформалар башталып, бир катар саясий айыпкерлер абактан чыкканына байланыштуу Вашингтон бул өлкөнүн бийликтерине каршы мурда киргизилген айрым санкциялар жоюлганын жарыялады.

Бирок мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, Мьяманга курал сатууга киргизилген эмбарго сакталат. Анткени бул өлкөнүн армиясы али жарандык көзөмөлгө алына элек.

Жакынкы убакытка чейин Мьянмадагы бийликти аскерий хунта ээлеп турган. (UE)

XS
SM
MD
LG