Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Орус думасы митингдер учурундагы тартип бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтөт


Кудринская аянтындагы демонстранттарды кармоо. 17-май, 2012-жыл, Москва.
Кудринская аянтындагы демонстранттарды кармоо. 17-май, 2012-жыл, Москва.
Бул үчүн бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаттары сунуштаган мыйзам долбоору бүгүн каралмакчы. Аталган партия долбоорду биринчи окуудан колдой турганын билдирүүдө.

Долбоорго ылайык, митинг-демонстрация учурунда мыйзам бузгандарга салынуучу айыптын өлчөмү азыркы 2 миң рублден 1,5 милион рублге чейин көтөрүлөт. Ошондой эле митингдердин уюштуруучулары менен катышуучулары үчүн жазанын жаңы түрү – коомдук жумуш киргизилүүдө.

Орус думасындагы коммунисттер, ЛДПР, “Адилетүү Орусия” партиялары бул долбоорго каршы экендиктерин билдиришти.

Митингдер боюнча мыйзамдын катаалдаштырылуусуна жарандык коом жана системалуу эмес оппозиция да каршы.

“Азаттыктын” орус кызматынын маалыматына караганда, бүгүн буга байланыштуу бир катар активисттер Думанын имаратынын алдына келип, үн чыгарбай нааразылыгын билдиргени жатышат.

Путин Орусия президентинин кызматына киришкенден бери Москвада оппозиция жактоочулары менен жарандык активисттер тобу мөөнөтсүз нааразылык акцияларына чыгууда.

Учурда алардын лагери Орусия борборунун Кудринская аянтында жайгашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG