Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Красноярск: Кыргызстандыктар унаа кырсыгына кабылды


Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттар жол кырсыгына кабылганы кабарланууда. Красноярск - Ачинск унаа жолунда бүгүн таң эрте киши ташып бараткан Honda астынан келаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, ичиндеги алты киши мерт болгонун Красноярск крайы боюнча жол коопсуздук башкармалыгы кабарлады. Алдын ала маалымат боюнча, каза тапкандар Кыргызстандын жарандары. Арасында 3, 6 жана 7 жашар балдар да бар. "Замандаш" ассоциациясынын Красноярсктагы өкүлү Назгүл Бакаеванын "Азаттыкка" айтканына караганда, каргашалуу окуя катталганы чын. Бирок мерт кеткендер Кыргызстандынбы же Казакстандын жарандарыбы, азырынча так маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG