Чүйдүн Беловодское айылындагы атайын мектептин окуучуларына карата зомбулук болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн Жаштардын укук коргоо тобу деген уюм билдирди. Мектептин жетекчилиги окуучуларды беш гектар жердеги талаа иштерине жумшап жатканы айтылды. Укук коргоочулардын айтымында, балдар айрым мугалимдер жана тарбиячылар тарабынан уруп-согууга да дуушар болуп жатышат. Бул мектепте өзгөчө тарбияга муктаж, тартип бузган 60тай бала окуйт. Укук коргоо уюмунун билдиргенине караганда, мектептин жетекчилиги балдардын талаага жумшалышын "эмгек терапиясы" деп атоодо. (KKs/RK)