Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Лейлекте сел жүрдү


Баткендин Лейлек районундагы Тогуз-Булак айыл аймагында кечээ кечинде сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Миң-Жыгач-Сай айылында сел жүрүп, ички чарбалык арыктарды жана ички чарбалык жолдорду жууп кеткен. Райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Тогуз-Булак айыл аймагында 12-майда да нөшөр жамгырдан улам сел жүрүп, Кара-Булак айылындагы Кара-Булак орто мектебин, бейтапкананы жана чайкана айланасын сел баскан. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG