Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Таласта экологиялык топ түзүлдү


Таласта “Талас-ЭКО” демилгелүү тобу түзүлдү. Мындай чечим бүгүн Талас шаарында өткөн экология маселелерине арналган жыйында кабыл алынганын кабарчыбыз маалымдайт. Бул уюм облуста айлана-чөйрөнүн тазалыгын, бүтүндүгүн сактоо, жаратылыш байлыктарына байланыштуу ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу,  эл менен бийликтин байланышына көңүл буруп,  кен иштеткен компанияларга мониторинг жасоо үчүн  түзүлгөнүн “Азаттыкка” “Элназ” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлнара Избасарова билдирди. Анын айтымында “Талас-ЭКО” уюмунун курамына коомдук уюм, мекеме, ММК жана кен иштетүүчү компаниялардан бештен киши кирмей болду. (MbA/RK)

 

XS
SM
MD
LG