Польшанын акыркы коммунисттик лидери, 88 жаштагы мурдагы генерал Войцех Ярузельский рак илдетине каршы дарылоодон өтүп жатып, "Super Express" басылмасына берген маегинде өзүнүн саламаттагы өтө эле начардыгын айткан.
1981-жылы Ярузельский Польша Элдик Республикасына аскердик абал киргизип, Лех Валенса башында турган профсоюздардын "Тилектештик" кыймылын басууга аракеттенген. Ага уланган репрессияда 100гө чукул киши өлгөн.
"Тилектештик" кыймылынын аракети менен 1989-жылы Польша коммунисттик режимди кулаткан советтик курамдагы биринчи өлкө болуп калган.
Өткөн жылы Ярузельскийдин ден соолугуна байланыштуу узакка созулган сот иши токтотулган.