Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Кыргызстандын түштүгүндө сел жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, 18-майда катуу жааган жамгырдан улам Баткендин Исфана шаарчасындагы Могол-Тажикент жана Кашка участкаларында сел жүрүп, 4 турак үйдүн короо-сарайы, 30га жакын үйдүн чарбактарын жууп кеткен.

Ушул күнү Кара-Суу районунун Алгабас айылын да сел каптап, Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 42-72-чакырымдарын сел таштандыларына толтуруп салган. Сел кесепетинен жабыркагандар катталган эмес. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суу каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Кечээ Чоң-Алай районундагы Сары-Булак айылында да жалпы көлөмү 25 000 м³ жер көчкү түшкөн. Жер көчкү айылдагы үйлөргө 400 метр жетпей токтогон.

Учурда көчкү жүргөн аймакка адамдардын ары-бери катташына жана мал жандыктарын кайтарууга тыюу салынды. (BkA)

XS
SM
MD
LG