Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

20-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
18-21-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
20-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде катуу жаайт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16... 21,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 14... 19 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 17... 22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4... 9 градус, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3... 2, күндүз 7...12,
тоолордо түнкүсүн -3... -8, ал эми күндүз -2... 3 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 18...20 градус болот.

XS
SM
MD
LG