Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Москвада набыт болгон мигранттардын сөөгү мекенине алынып келбей жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” каза болгон жарандардын бир тууганы Акмат Нышанов билдирди. Нышановдун айтымында, 27-апрелде Москванын четиндеги үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анын эки бир тууганы набыт болгон. Алардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн туугандары сөөк калдыктарын экспертизага берген. Андан бери 21 күн өтсө да сөөк экспертизадан өткөрүлбөй, кармалып турат.

- Өрттөн кийин бирөөнүн 30 пайыз сөөгү, бирөөнүн 10 пайыз эле сөөгү калыптыр. "Ооруканага барып, анализ тапшырып, прокуратурага алып келгиле" дегенин сөөктүн калдыктарын ал жакка алып бардык. Ошондон бери сөөктөр прокуратуранын бөлмөсүндө турат. Алар убакыт жок болгонун айтып, бул маселеге көңүл бурбай жатышат.

Акмат Нышанов Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги эч чара көрбөй, көңүл кош мамиле кылганын айтып, мамлекеттик органдардан бир туугандарынын сөөгүн эртелеп алып келүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп жатат.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги бул иш менен алектенип жатышканын гана кабарлашты. (BkA)

XS
SM
MD
LG