Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Иран МАГАТЭнин башчысы Тегеранга бараарын "жылуу кабыл алды"


Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар салехи БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭнин) лидери Юкио Аманонун сапарын “жакшы белги” деп атады.

ISNA маалымат агенттиги Салехинин билдирүүсүнө шилтеме жасап, “Аманонун Тегеранга сапары бул өлкөнүн ядролук программасынын айланасындагы суроолорго чекит коет деп ишенээрин” кабарлаган.

Юкио Амано Тегеранга эртең барат, негизги сүйлөшүүлөр дүйшөмбүдө болот. Анын артынан шаршембиде Багдатта Ирандын программасы көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө талкууга алынат. Бүгүн Ирандын тышкы иштер министрлиги бул жолугушууда дүйнөлүк коомчулук Иранга каршы санкцияларды алып салышы керек деп билдирди.

МАГАТЭнин жетекчилиги Парчин аскерий объектисинде атом бомбасы жасалып жатканы болушу мүмкүн деп расмий Тегерандан ушул аймакты көрсөтүшүн талап кылып жатат.

XS
SM
MD
LG