Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Орус баланы багып алган америкалык аялдын соту өттү


АКШнын Теннесси штатында сот орусиялык баланы багып алып, кийин “бейтартип экен, эч нерсеге кулак салбайт” деп кайра Орусияга жөнөтүп жиберген аялды 150 миң доллар айып пулга жыкты. Мындан сырткары, соттун чечимине ылайык, ал аял Артем Савельев 18 жашка чыкканга чейин айына аны колдош үчүн 1000 доллар акча төлөп турууга милдеттүү. Эки жыл мурда апрелде ал аял “мага мындай баланын кереги жок” деп аны Орусияга жөнөтүп жибергенде бул окуя чоң эл аралык жаңжалдын чыгышына себеп болгон эле. Орусия ошондо америкалыктар орус балдарын багып алышына тыйуу салып койгон.

XS
SM
MD
LG