Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Жапониялык 73 жаштагы аял Эверестти багындырды


Тамае Ватанабе Эвересттин чокусуна бүгүн чыкты. Ошентип ал бул тоону багындырган “эң кары адам” катары рекорд койду. Ватанабе 8миң 850 метр бийиктеги чокуга тоонун түндүк тарабынан - Тибеттен - төрт башка адам менен чыккан. Бул Ватанабенин биринчи рекорду эмес. Ал мындан туура 10 жыл мурда 63 жашында тоонун түштүк тарабынан чокуга жеткен алгачкы кары адам болуп Гиннестин китебине киргени бар. 1975-жылы жапониялык дагы бир аял, Жунко Табей, Эверестке чыккан алгачкы аял деп табылган эле.

XS
SM
MD
LG