Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Премьер Бабанов Таласта сел алган айылга барды


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн Талас облусунда Бакай-Ата районундагы селден жабыркаган Ынтымак айылында болду. Аймактагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеевдин билдиришинче, өкмөт башчы үйлөрү жарактан чыккан тургундарга 200 миң сом ссуда берилерин, жеңилдетилген насыя алган дыйкандарга каражатты кайтаруу мөөнөтү узартыларын убада кылды.

Кечээ түнү мөндүр аралаш катуу жааган жаандан Бакай-Атанын тоо этегиндеги Ынтымак жана Акназаров айылдарын сел жүрдү. Зыянды тактоо үчүн төрт комиссия иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча айылга таандык 1,5 миң гектар жерди суу жууп кетти. Бир топ майда жандыктар да селге акканы айтылууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG