Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Facebookтун ээси Марк Цукерберг үйлөндү


Марк Цукерберг менен Присчилла Чан
Марк Цукерберг менен Присчилла Чан
Facebook социалдык түйүнүнүн түзүүчүсү Марк Цукерберг өзүнүн көп жылдан берки сүйлөшкөн кызы Присчилла Чанга үйлөндү. 28 жаштагы Цукерберг менен жашы 27деги Чандын үйлөнүү тою кечээ Калифорнияда өттү. Бул тууралуу алдын ала кабарланган эмес. Алардын сүрөтү гана бүгүн интернетке жарыяланды.

Бүгүн Цукерберг өзүнүн Facebook баракчасында мурдагы “бойдок” деген статусун “үй-бүлөлүү” деп алмаштырып койгон. Жаш миллиардер Цукерберг Чан менен тээ Гарвардда окуп жүргөндөн бери эле, 9 жылдан бери сүйлөшүп жүргөнү айтылууда.

Ушул эле аптада Facebook компаниясынын акциялары “Насдак” биржасында сатыкка коюлган. Ошондон кийин түйүндүн баасы 104 млрд.долларга бааланган

XS
SM
MD
LG