Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Чикагадо НАТОнун саммити башталды


АКШнын Чикаго шаарында НАТОнун кезектеги эки күндүк саммити ачылды. НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен 2014-жылы Ооганстандын коопсуздугуна жоопкерчилик ооган күчтөрүнө өткөрүлүп берилерин, анын планы саммитке кеңири талкууланарын айтты:

- Биз Ооганстандагы болочок милдеттерибиздин планын чогуу түзөбүз. Биз 2014-жылдын аягына Ооганстандын коопсуздугун өткөрүп берерибизди ишендиребиз жана Ооган эли менен 2014-жылдан кийин да кызматташа берерибизди ачык айкын кылабыз.

АКШ президенти Барак Обама НАТОну “дүйнөдөгү кубаттуу жана эң ийгиликтүү альянс” деп атады. НАТОго мүчө 28 өлкөнүн лидерлери коргонуу бюджетин сыдыргыдан өткөргөнү жатышат. Себеби, азыр уюм мүчөлөрү глобалдык финансылык кризис менен таймашып жаткан учур.

XS
SM
MD
LG