Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

НАТО Ооганстанда дагы эки аскерин жоготту


Жекшемби күнү Ооганстандын түштүгүндө согушчандардын чабуулунан эл аралык күчтөрдүн эки аскери набыт болду. Бул жөнүндө НАТО командачылыгы кабарлады. Ооган полициясынын маалымдашынча, Урузган провинициянын борбору Тирин Кот шаарында НАТОнун конвойуна бомбачан жанкечти койгон чабуулда кеминде эки бала өлүп, бир нече адам жарадар болгон. Муну менен май айында Ооганстанда окко учкан чет элдик аскерлердин саны 24кө жетти. А жыл башынан бери НАТО 156 аскеринен ажырады.

XS
SM
MD
LG