Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Томислав Николич - Сербиянын жаңы президенти


Сербия оппозициясынын лидери Томислав Николич өзүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялады. Эркин шайлоо жана демократия борбору Николич добуштардын 49 процентин, ал эми сегиз жыл президенттик кылган Борис Тадич 47 процентин алганын билдирди. Николич өз жактоочулары алдында сүйлөп, Сербия “Европалык жолдон чыкпасын” баса белгиледи. Сербиянын мурдакы лидери Слободан Милошевичтин бир кезде союздашы болгон Николич өз учурунда өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусуна каршы турган. Николичтин жеңиши Сербия өкмөтүндө кризис жаратышы мүмкүн. Анткени Тадич башындагы Демократтык партия 6-майдагы парламенттик шайлоодон кийин коалициялык өкмөттү түзгөн эле.

XS
SM
MD
LG