Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Чек араны убактылуу тосо туруу сунушталууда


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын Өзбекстан, Тажикстан менен чек арасына убактылуу тосмолорду орнотуу демилгесин көтөрүүдө. Эл өкүлү Элмурат Обдуновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мындай чара чек ара чатактарын алдын алып, Кыргызстанга тиешелүү аймактарды сактап калуу максатында сунушталууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинде чек арага байланыштуу бул өңдүү маселелер талкууга алынат.

Апрел айында Өзбекстан тарап Кыргызстандын макулдугун сурабастан чек аранын такталган жана тактала элек жерлерин өзү жагынан жаап жатканы кабарланган. Курулуш иштер жүрүп жаткан кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы аянты 600 чакырымды түзөөрү айтылып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG