Кыргыз-казак чек арасындагы Кичи-Капка өткөрүү пунктун ачуу маселеси ушул айдын аягында Ашгабатта талкууланат. Бул тууралуу бүгүн Таласта Манас районунун эли менен жолуккан премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, 30-майда Түркмөнстандын борборунда өкмөт башчылар жыйыны өтөт. Иш-чаранын алкагында Бабанов казак премьер-министри Карим Масимов менен жолукмай болууда.
Кичи-Капканы казактар апрел окуясынан кийин жаап алышкан. Таластык дыйкандар өстүргөн жашылча-жемишин казактарга сата албай, ал эми жүргүнчү ташыган айдоочулар жол кыйын болуп жатканын айтып, Кичи-Капканы ачып бергиле деп суранып келатат. Маселе чечиле элек. (MbA/RK)