Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Таласта сел каптаган жерлер тазаланууда


Талас облусунда 19-майда нөшөр жаандан айрым айылдарды сел каптап, учурда тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл аймагында Кайырма каналынын үч жеринен жырып чыккан суу Ынтымак айылынын 70 турак үйүн каптаган. Азыркы учурда Жаштык, Касынбай, Мүзүрбек көчөлөрүндө унаа өтүүгө жол жок.

Ал эми Талас районундагы Бердике Баатыр айыл аймагында Козучак сайынан сел жүрүп, Талас – Беш-Таш унаа жолунун 400 метр аралыгы жараксыз абалга келген. Сел айдоо жерлерин да жууп кеткени айтылууда. (RK/MbA)

XS
SM
MD
LG