Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Окумуштуулар "Гүлазык" боюнча депутаттарга кайрылды


Медицина, педиатрия тармагында көп жылдан бери эмгектенип келаткан окумуштуулар, дарыгерлер парламентке кайрылуу жолдоду. Анда "Гүлазык" боюнча маселени талкуулоодо адистердин пикирин эске алуу керектиги, аталган азык боюнча сын сөздөр негизсиз экени айтылат.

Соңку бир-эки жылдан бери Кыргызстанда 6 айдан 2 жашка чейинки наристелердин арасында аз кандуулук жана башка оорулардын алдын алуу максатында "Гүлазык" деген тамакка кошуп бере турган азык бекер таратылууда. Адистер анын курамы Кыргызстандын табигый шартына ылайык, өсүп жаткан баланын организминин муктаждыгына жараша иштелип чыкканын айтууда.

"Гүлазыкты" кыргызстандык наристелерге берүүгө уруксатын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да, өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги да берген. Бирок айрым адистер анын курамы туура эмес түзүлгөнүн, балага пайдасынан зыяны көп экенин айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG