Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Санадагы жардыруудан кеминде 40 киши өлдү


Йемендин борборунда аскердик парадга даярдык учурунда жан кечтинин жардыруусунан бери дегенде 40 киши набыт кетти, ондогону жараланды. Расмий булактардын маалыматына караганда, аскер униформасын кийген адам белиндеги бомбаны жардырып жиберген. Окуя президенттик сарайдын жанында болгон. Машыгууга коргоо министри жана башка расмий адамдар катышып жаткан. Кол салуудан эч кимиси жабыркаган жок. Терракттын артында Ал-Кайидага жакын күчтөр тураары болжолдонууда. Аскерлер эртеңки майрамдык парадга даярданып жатышкан. 22-майда Йемендин түштүгү менен түндүгү бириккендигинин 22 жылдыгы белгиленет. АКШ Йемендин куралдуу күчтөрүнө Ал-Кайиданын согушкерлерине каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн машыктыруучуларды жиберип, пилотсуз учактар менен камсыз кылган.

XS
SM
MD
LG