Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

НАТО ракетадан коргонуу системасы боюнча планын жарыялады


НАТО Европада ракетадан коргонуу системасын жайгашытруу планын жарыялады. Түндүк альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Чикадогу саммитте билдиргендей, система 2022-жылга карай НАТО кирген европалык өлкөлөрдүн бүтүндөй калкын сырткы чабуулдан коргоого кудуреттүү болот.

Орусия өз чек араларына жакын жерде жайгашкан андай система өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирээрин айтып, ага каршы болууда. Расмуссен Орусия “эч нерседен коркпошу керек” деп, ракетадан коргонуу тармагында Москва НАТО менен кызматташат деп ишенээирн белгиледи. Ал эми Франциянын жаңы президенти Франсуа Олланд Орусия жана башка өлкөлөр ал системадан кооп сезбеши керек деп билдирди.

Ага чейин Олланд жыл этегине чейин Ооганстандагы француз контингентин чыгаруу чечимин бышыктады. Бул – альянстын 2014-жылдын аягына чейин чегинүү боюнча жалпы стратегиясына каршы келет.

- Француз армиясынын согуштук бөлүктөрү Ооганстандан ушул жылдын этегине чейин чыгарылат. 2013-жылы ал өлкөдө аскердик машыктыруучулар жана полиция офицерлери гана калат. Мунун бардыгы Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн операцияларынын алкагында жүргүзүлмөкчү, - деди Олланд.

Франциянын контингенти 3 миң 400дөй жоокерден турат. Жалпысынан болсо Ооганстанда коалициянын 130 миңге жакын аскери кызмат өтөөдө. НАТОнун лидерлери Чикадогу бийик жолугушууда аскерлерди чыгаруу планын колдошот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG