Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Прокуратура Аламүдүндө жер бөлүштүрүүнү талкуулады


Чүйдүн Аламүдүн районунда прокуратура жер маселеси боюнча семинар өткөрдү. Жер комиссияларынын, айыл өкмөттөрүнүн жер берүүдөгү укуктары жана милдеттери боюнча кеңири маалымат берилди. Мыйзам бузгандар кандай жаза тартаары айтылды. Ар бир айыл өкмөтүндө жарандар үчүн укуктук маалымат бурчтары ачылышы керек деген талап коюлду. Семинарга райондук кеңештин депутаттары, 17 айыл өкмөттүн жана айыл кеңештин өкүлдөрү, мамлекеттик каттоо кызматкерлери катышты.

Айрым серепчилердин айтымында, Кыргызстан боюнча эң кымбат жер Ысык-Көл жээгинде жана Аламүдүндө. Быйыл февралда 29 миң доллар пара алууга тиешеси бар деген шек менен Аламүдүндүн мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Картаңбек Мусаев үй камагына алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG