Атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Юкио Амано Тегеранга барды. Визиттин жүрүшүндө Амано Ирандын ядролук маселелер боюнча расмий өкүлү Саед Жалил, тышкы иштер министри жана башка жетекчилер менен Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.
МАГАТЭ текшерүүчүлөрүн Ирандын атомдук объектилерине жиберүү уруксатын алууну көздөөдө. Ислам жумурияты анын атомдук программасы бомба же башка курал жасоону максат кылбайт деп, Батыштын дооматтарын четке кагууда. Шаршембиде Багдадда Иран менен 6 дүйнөлүк державанын сүйлөшүүлөрү болот.
Кечээ Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Батыштын бир катар өлкөлөрү Иранга каршы операция мүмкүнчүлүгүн караштырууда деп билдирген.