Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Ливиялык террорист бүгүн жерге берилет


Ливиялык террорист, Локерби жардыруусу үчүн айыпталган Абделбасет ал-Меграхи бүгүн Триполиде жерге берилет. Ал кечээ рактан көз жумган. Меграхи 1988-жылы жүргүнчү ташыган америкалык учакты жардыргандыгы үчүн соттолгон жападан жалгыз киши. Лондондон Нью-Йоркко бараткан Боингдин бортунда 259 киши бар болчу. Учак Шотландиянын Локерби шаарына кулаганда жердеги дагы 11 киши набыт кеткен.

2001-жылы январда Шотландия соту Меграхини өмүр аягына чейин эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 8 жылдан кийин ал рак оорусуна байланыштуу медициналык бүтүмдүн негизинде бошотулган. 2009-жылы мекенине кайтканда Муаммар Каддафи аны каарман катары тосуп алган. Шотландия сотунун чечими Лондондун сынына кабылган. Британ премьер-министри Дэвид Камерон Меграхи эч качан кайрадан эркиндикке чыкпашы керек эле деди.

XS
SM
MD
LG