Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Путин жаңы өкмөттүн курамын бекитти


Орус президенти Владимир Путин жаңы өкмөттүн түзүмү жана курамы боюнча буйрукка кол койду. Тышкы иштер, коргоо, финансы, юстиция жана спорт министрлери ордуларын сактап калышты. Ал эми ички иштер министри болуп Рашид Нургалиевдин ордуна Владимир Колокольцев дайындалды. Ал буга чеийн Москва ички иштер башкармалыгын жетектечү. Өкмөттө мурункудай эле 7 вице-премьер болот. Игорь Шувалов биринчи вице-премьердин кызматын аркаламай болду. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү мекемеси экиге бөлүндү. Саламаттыкты сактоо министрлигин Вероника Скворцова, эмгек министрлигин Максим Топилин жетектейт.

XS
SM
MD
LG