Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

НАТО Ооганстандан аскерлерди чыгаруу планын кабыл алды


НАТОнун лидерлери эмки жылдын ортосуна чейин Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо милдетин жергиликтүү армияга өткөрүп берүү планын колдошту. Чикагодогу саммитте ошондой эле согуштук бөлүктөрдү Ооганстандан 2014-жылдын этегине дейре толугу менен чыгаруу долбоору жактырылды. Бийик деңгээлдеги жолугушууда кабыл алынган декларацияда АКШ президенти Барак Обама жана уюм боюнча 27 өнөктөшү Ооганстанда машыктыруучулары калаарын ырасташты. НАТО Пакистанды Ооганстан менен чегара өткөөлдөрүн жүк ташуу үчүн “мүмкүн болушунча тезирээк” ачууга чакырды. Обама Түндүк альянс өз миссиясын толугу менен аткарганын жана “Талибандын мизи майтарылганын” белгиледи. Эки күндүк саммит полиция менен нааразылык акциясынын катышуучулары ортосунда кагылышуулар менен коштолду.

XS
SM
MD
LG